Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 166 митингчи милицияга түштү

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында нааразычылык акциясынын төрт катышуучусу камакка алынды

Кечээ, 2-мартта нааразычылык акциясынан кийин Бишкектин райондук ички иштер башкармалыктарына массалык башаламандыкка алып келген митингдин 166 катышуучусу алып келинген. Алардын ичинен 162си өздүгү аныкталган кийин бошотулган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында нааразычылык акциясынын төрт катышуучусу камакка алынды. Массалык башаламандыктын кесепетинен милициянын 24 кызматкери ар кандай жаракат алышкан. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ыкчам-тергөө иштери уланууда.

ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх