Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө көлгө чөгүп жанын кыюуну чечкен 8-класстын окуучусу куткарылды (видео)

Соцкызматкерлер убагында келишип, ата-энесинин ажырашканына таарынып жанын кыюуга аракеет кылган кызды сактап калышты

26-февраль күнү Балыкчы шаарында мектеп окуучусу Ысык-Көлгө чөгүп жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ОИИББнан маалымдашты.

Милициянын маалыматына ылайык, кызды Балыкчы шаарынын социалдык кызматкерлери куткарып калган.
- 8-класста окуган кыз таенеси менен ата-энесинин ажырашып кеткенине таарынып урушуп кетет. Андан кийин Бишкекте жашаган апасына телефон чалып, өз жанын кыя турганын айткан, - деп такташты ОИИБде. Апасы Балыкчыдагы тааныштарына телефон чалып, алар тез арада кыз чөгөйүн деген жерге келишкен.

Суудагы кызды көргөн социалдык кызматкерлер аны куткарууга шашышкан. Окуядан кийин кызды тез жардам тобу текшерүүгө алган. Учурда бардыгы жайында.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх