«ПолитКлиника» редакциясынын кеңсеси тонолду. Белгисиз адамдар болгону хард-диск жана журналисттердин блокнотторун уурдап кетишкен (фото)
Уурулар баалуу буюмдарга тийишпегени белгиленди
Бишкекте «Политклиника» маалыматтык агенттигинин кеңсеси тонолду. Редакциянын сайтында белгисиз адамдар алардын кеңсесине 2-марттан 3-мартка караган түнү темир тор менен терезелерди сындырып киришкени маалымдалды.
Белгиленгендей, баалуу буюмдар жоголгон эмес. Болгону хард-диск жана журналисттердин блокноттору уурдалган.
Окуя тууралуу маалымат тартип коргоо органдарына жиберилди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз