Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Темиров: Мага кол салуу боюнча соттук иш белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Журналисттин айтымында шектүүлөр алгач кимдир-бирөөнүн буйругун аткарышканын моюндашып, кийин бул көрсөтмөлөрүнөн баш тартып коюшкан

Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча соттук жыйын белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Темиров өзү билдирди.
Сот отуруму бүгүн 9:30да Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтмөк.

- Менин ишимди карачу судья Марат Сыдыков Кой-Таш окуялары боюнча да ишти карап жатат, - деп белгиледи ал. - Ушуга байланыштуу сот отуруму жылдырылды го деп жатам. Бүгүн биз сотко келгенбиз, бирок, бизге шектүүлөр алынып келинбегенин жана жыйын белгисиз мөөнөткө жылдырылганын айтышты. Бир күн мурда чалып коебуз деп убадалашты.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуялары боюнча кезектеги сот отуруму бүгүн 10:00дө башталды.

Болот Темиров анын уурдалган телефонун тартип коргоочулар ошол бойдон таппай коюшканын кошумчалады.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх