Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күзөтчүнү бетке уруп, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Түнкү клубдун коопсуздук кызматкери кардарын сабаганы үчүн жумушунан алынды

Жабырлануучунун мекемеге дооматы жок, анткени, окуя эсинде жок

Бишкетеги Nirvana түнкү клубунун коопсуздук кызматкери кызматынан алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин администратору Алина билдирди

Анын айтымында күзөтчү сабаган кардар мас абалында болуп, күзөтчүнү көкүтүп, бир нече жолу жаакка уруп да жиберген.

- Бул күзөтчү дароо эле жумуштан кетирилген, - деди администратор. - Ал бизге кардар мас абалында болгонун жана кесиптештерин оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн айтып берди. Кардардын достору аны токтотууга аракет кылган. Официанттар менен администраторлорго дагы сөз тийгизген. Андан кийин ал күзөтүнү чаап жиберген.

Клубдун өкүлү жабырланган кардар окуя болгондон кийин аларга келип, мас болгондуктан эмне болгону эсинде жок экенин айтканын билдирди. Ал тартип коргоо органдарына кайрылган эмес.

Эске салсак, бүгүн, 10-мартта @Black_list.kg инстаграм-аккаунтунда Nirvana түнкү клубунун күзөтчүсү кардарды сабап жаткан видеосу жүктөлгөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх