Ак үйдүн кызматкерлерине кол салган аял СИЗО-1ге киргизилди
Садыр Жапаровдун тарапташы эки айга камакка алынды
Экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митингинин жүрүшүндө Ак үйдүн кызматкерлерине кол салган аял Свердлов райондук сотунун чечими менен Сизо-1ге киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтынаБишкек шаардык сотунан билдиришти.
- Бишкектин Свердлов райондук сотунун тергөөчү судьясынын токтому менен 6-марттагы прокурордун өтүнмөсү толук канааттандырылды, - деп билдиришти алар. Шектүү Ч.Н.М. 2020-жылдын 4-майына чейин СИЗО-1ге киргизилди.
Эске салсак, 2-мартта өткөн Садыр Жапаровду колдоо митингинин жүрүшүндө анын тарапташтары Ак үйдүн кызматкерлерине кол салышкан. Кийинчерээк милиция тартип бузгандарга издөө салып, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Медина Купсулдаева
Фото www