Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пара алууга шектелип кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы кечээ кечинде бошотулду

 Фемиданын кызматкери бүгүн ишке чыкканы да айтылууда

Кечээ ЭКККМК (Финполиция) кызматкерлери тарабынан пара алууга шектелип кармалган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы бүгүн ишине чыкты. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына тартип коргоо органдарынан билдиришти.

Шектүү кечээ кечинде бошотулганы белгиленет. Учурда «О.М.» аттуу судьянын кол тийбестигин алуу боюнча иштер жүрүүдө.

Эске салсак, кечээ ЭКККМКнын кызматкерлери Биринчи май райондук сотунун судьясына 2 миң доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх