Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттыкка талапкер: Автоинспектор өзү унаамдын капотума чыгып алган. Мени кармап алып, коё бербей кармап турушту (видео)

Журналист Жылдыз Бекбаева ЖКККБ жалган маалымат таратып жатканын ишенимдүү айтууда

ЖКККБ инспектору журналист Жылдыз Бекбаеванын унаасынын капотуна өзү чыгып алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Журналист айым унаасын гүл дүкөнүнүн жанына бир мүнөткө токтотуп койгонун түшүндүрдү. Келгенде унаанын жанында автоинспектор турганын көргөн.

- Ага мени коё бербеш керек деген тапшырма болгон, ошол үчүн атайын капотума чыгып алды, - деди Бекбаева. - ЖКККБнын кызматкери өзүн тааныштыргандан баш тартты. Мен унаамды айдап кетейин дегенде ал унаамдын капотуна жатып алды. ЖМКлар менен ЖКККБ эмнеге алдап жатышат түшүнбөйм. Уруксаты жок жерге унаамды токтотконумду айтып жатышат, бирок, ал жерде күнүгө эле унаалар токтоп турбайбы.

Журналист автоинспектордон унаасын айып короого айдап кетүүсүн суранганын, бирок ал андан да баш тартканын кошумчалады.

- Бир аздан кийин ал кесиптештерине чалып, алар келгенден кийин мени коё бербей, кармап турушту, - дейт Бекбаева. - Кылмышкерди кармашкансып колдорумду толгоп, бир саат барымтада кармап турушту. Кечээ ЖКККБнин кызматкерлери телефон аркылуу кечирим сурашып, «окуя жөнүндө эч кимге айтпасаңыз» деп суранышты.

Журналист бул окуя анын депутаттыкка ат салышып жатканына байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирдек.

- «Эмгек» партиясынан Ош шаардык кеңештин депутаттыгына көрсөтүлүп жатканыма байланыштуу болушу мүмкүн, - деп белгиледи. - Бир күн мурда менин бир нече кесиптештериме коркутуулар түшкөн. Андан кийин мага чабуулга өтүштү.

Журналист тосмо арыз жазабы-жокпу азырынча билбейт.

Тактай кетсек, буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Ош шаарындагы журналист Жылдыз Бекбаева унаасынын капотунда ЖКККБнын кызматкерин сүйрөп кеткенин жазышкан. Окуянын видеосун Turmush агенттиги жарыялаган.

Ош шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бекбаева бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткан.

«Бийлик өкүлү айласы жоктон жана транспорттун жүрүшү ылдамдагынан байланыштуу унаанын капотуна секирип чыккан, ал эми айдоочу андан кийин 4-5 метр дагы айдагандан кийин гана токтогон»,- деп белгилешти мекемеде.

Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх