Казакстанда дагы 14 адамда коронавирус аныкталды
Коңшу мамлекетте коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 27ге жетти
Казакстандын аймагында коронавирус жуктургандардын саны 27ге жетти. Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов мамлекеттик каналдын эфири аркылуу 14 жаңы оорулуу тууралуу маалымдаганын Vesti.kg сайтынын кабарчысы билдирди.
«Ошондой эле Нур-Султан шаарында катталган 14 жаңы оорулуу тууралуу маалымдайбыз. Бул бейтаптар карантинге алынды. Байланышта болгон бардык адамдар аныкталды. Аларды карантинге жана изоляцияга алуу иштери жүрүүдө», - деди аткаминер.
Ошентип, Казакстанда COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны 27ге жетти. Алматыда - 11, Нур-Султанда - 16.
Айнур Коскина
www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз