Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү
Эки өлкө тең чек араларын жапты
Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү. 16-мартка карата ооругандардын саны 8ге жеткенин Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
Оору биринчи бейтаптын дагы бир тууганынан жана Лондондон 14-мартта учуп келген Өзбекстандын жаранынан аныкталган.
COVID-19 вирусу алгачкы жолу Ташкентте 15-март күнү эртең менен Парижден 11-мартта учуп келген өзбекстандык аялдан аныкталган. Ошол эле күнү илдет анын кызы менен уулунан, ал эми 16-мартта күйөөсүнөн жана небересинен табылган. 15-мартта ошондой эле ошол эле күнү Стамбулдан учуп келген Өзбекстандын жаранынан табылган.
Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустук инфекциянын оор учурлары катталган жок деп билдирген. 641 адам ооруканаларга карантинге алынганы айтылган.
16-марттан тарта Өзбекстанга кирип-чыгууга тыюу салынып, окуу жайлары жабылган, мамлекеттик мекемелрдин иши убактылуу токтотулду.
Муну менен бирге COVID-19 менен жабыркагандардын саны Казакстанда да көбөйдү. Расмий түрдө өлкө аймагында коронавирус жуктургандардын саны 13кө жеткен. Алардын ичинен 11 адам Алматыда жана эки киши Астанада. Өлкөдө бир айга өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.
Фото www