Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус дагы бир кыргызстандыктан аныкталды

Учурда ал Бириккен Араб Эмираттарында

Учурда Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн дагы бир кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар маалымдады.
БАЭда 15 жаңы кишиден коронавирус чыкканы белгилүү болгон. Жуктургандардын арасында Кыргызстан, Сербия, Италия, Нидерланды, Австралия, Германия, АКШ, Греция, Россия, Украина, Бангладеш, Улуу Британия жана Испаниянын жарандары бар.

Жалпы жонунан өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 113ке жеткен.

КРнын ТИМи журналисттерге маалымат такталып жатканын билдирди.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда үч кишиден коронавирус чыкканы белгилүү болгон.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх