Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди
Бүгүн түн ичинде аталган райондун үч жашоочусунан коронавирус аныкталган
Сузак райондук администрациянын башчысы - райондун жарандык коргоо боюнча жетекчиси - Эрмекбай Омошевдин буйругу менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал мезгилинде төмөнкүдөй чаралар көрүлүп, убактылуу чектөөлөр киргизилет:
1)коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
2) эл көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотууl;
3) Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.
Эске салсак, бүгүн Сузак районунун үч жашоочусу коронавирус жуктурганы белгилүү болгон. Алар жакында эле Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келишип, үй карантининде болушкан
Фото www