Умрадан келген кыргызстандык айылдаштарына той берүүгө жетишкен
Жергиликтүү жашоочу айылдагы абал туурасында айтып берди
Сузак районунун Благовещенка айылынын жашоочусу айылдаштарына ажы той бергенин Super.kg порталына билдирди.
«Умрадан келгенден кийин ажы той бергем. Кечээ жарандарыбызды алып кетишти, биз бүгүн эртең менен эле уктук. Айылда милиция кызматкерлери кайтарып жатат, биз көчөгө чыккан жокпуз жана эмне болуп жатканынан кабарыбыз жок», - деди ал.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч жашоочусунда коронавирус аныкталган. Алар Сауд Арабиясынан кичин ажылыктан келишкенк.
Сузак районунда өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз