Алтыга жетти. Кыргызстанда дагы үч кишиден коронавирус чыкты
Жаңы оорулуулар Ош облусунун Ноокат районунан аныкталды
Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус жуктурган дагы үч киши аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 6 кишиден аныкталган
- Бейтаптар изоляцияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө, тийиштүү дарылоо жүргүзүлүп жатат, - деди ал.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз