Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пакистанда коронавирус жуктурган дагы бир кыргызстандык аныкталды. Ал дааватта жүргөн

КРнын жараны исламабаддын бейтапканасына жаткырылдыГражданин КР помещен в исламабадский госпиталь

Пакистанда дааватта жүргөн 1963-жылы туулган кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КРнын ТИМнин басма сөз кыматы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, аталган жаран башка дагы төрт кыргызстандык жаран (1960-ж.т., 1978-ж.т., 1960-ж.т. жана 1960-ж.т.) Пакистандын аймагында дааватка барышкан.

Консулдук каттоого аталган жарандар турган эмес, КРнын Пакистандагы элчилигине да жардам сурап кайрылышкан эмес. Учурда жабыркаган жаран Исламабаддагы PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасына жаткырылып, калган төрт кыргызстандык карантинге алынган. КРнын Пакистандагы элчилиги Исламабад щаарынын администрациясы, ошондой эле өлкөнүн укук коргоо органдары мнеен тынымсыз байланышта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх