Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын скважинасы аркылуу Тажикстанга көгүлтүр от мыйзамсыз кетип жатабы?(видео)

Чек ара кызматы тарап жаткан видео боюнча кийинчерээк үн катышарын билдиришти

Кыргызстанда табигый газ мыйзамсыз түрдө Тажикстанга импорттолуп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурманыбыз жиберген видео тасмадагы эркек адам билдирет.

Тасмадагы адамдын айтуусу боюнча скважина буга чейин кыргыз чек арачылары тарабынан кайтарылчу, бирок, алар ичерге суубуз калган жок деп постун таштап кетип, ордуларына тажик тараптан аскерлер келишкен.

«Бул жерде табигый газ бар, бирок, ал Тажикстанга кетип жатат. Буга чейин бул жерде биздин чек арачылар турчу, тээтиги кырдан кийин мамлекеттик чек арага чейин дагы 500 метр бар. Алар бир жолу суубуз калбай калды, суусадык деп ылдыйга түшкөндө ордуларын Тажикстандын чек ара кызматкерлери келип ээлеп алышкан. Анткени, эгерде мен азыр мобул жерди бурап койсом, алар газсыз калат. Азыр биз бул жерге кыйкырык, ызуу-чуу менен келдик.

Суу жок калды деп эле постту таштап кетсе болобу. Биздин чек арачылар чуңкурга түшүп кетишти, аларга эми эч нерсе көрүнбөйт. Тажиктер болсо кырга чыгып алып биздин ар бир кыймылыбызды көзөмөлдөп турат.

Дагы бир маселе: биздин чек арачыларга скважинаны кайтар деп ким көрсөтмө берген. Жооп жок.

Чек ара кызматынын башчысы Шаршеев өлкөнүн жетекчилиги жалган маалымат берип жатат. Мен азыр бул маселени Коопсуздук кеңеши менен Жогорку Кеңеште көтөрүүгө аракет кылып жатам.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы видеодогу адамдын билдирүүсү боюнча кийинчерээк үн катышарын Vesti.kg сайтына билдирди.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх