Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстанда коронавирус менен жабыркаган аял көз жумду

72 жаштагы улгайган аял COVID-19 илдетинен көз жумган өлкөдөгү биринчи бейтап болду

Өзбекстанда коронавирустук инфекция жуктуруп алган бейтап көз жумду. Улгайган аял 72 жашта болгон.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтап бүгүн эртең менен кайра жандандыруу иш-аракеттерине карабастан инфаркт алып каза тапкан. Бейтап өнөкөт оорулары менен жабыркап келген жана диспансердик каттоодо турган.

Белгилүү болгондой ал Наманган облустук жугуштуу оорулар клиникалык оорукасына 26-март күнү түшкөн.

Бейтап 12-мартта Түркиядан келип, карантинге алынган кызынан ооруну жуктуруп алган.

2020-жылдын 27-мартына карата Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 83кө жеткен, алардын 11 - дарыгерлер.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх