Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 14 адам катталды. Жабыркагандардын жалпы саны 58ге жетти

Илдетти жуктурган жаңы беш бейтап ажылыктан келишкен, калгандары буга чейин жабыркагандар менен байланышта болгон

27-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 14 жаран катталды. Бул тууралуу пресс-конференциянын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сакто башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.

Ооругандардын жалпы саны 58ге жетти, - деди ал. 7 учур Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, жежетөө Ош облусунда 4 катталды.

Белгилей кетсек, беш бейтап ажылыктан келген, калган тогуз жаран илдетти буга чейин жуктургандар менен байланышта болушкан. Бардыгынын абалы канааттандырарлык.

Оорулуулар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталып, үй карантинине алынды. Тийиштүү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх