Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кримтөбөл «Лемонтини» өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 2020-жылдын 28-майына чейин кармалат

«Лемонти» каймана аты менен таанымал криминалдык төбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүүгө шектелип жаткан 25 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 2020-жылдын 28-майына чейин кармалат.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-мартында Нарында уюшкан кылмыштуу топтун белилүү мүчөсү Алмаз Сулайманов өлтүрүлгөн.

Шектүү Нарын ОИИББна киши өлтүргөнүн айтып өзү барганын милиция белгиледи.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх