Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«РИИБнин короосунда милиция кызматкери адамды ур-токмокко алды». ИИМ видео боюнча текшерүү баштады

Тасма социалдык тармактарда жүктөлгөн

КРнын ИИМнин Ички иликтөө кызматы «Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлери адамды ур-токмокко алышты» деген аталыштагы социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

- Иликтөөнүн алкагында видео качан жана кайдан тартылганы аныкталып, толук маалымат текшерүү аяктаган соң берилет, - деп жооп беришти алар.

Видео социалдык тармактарда бүгүн жарыяланган.

Анда эркек адамдын бир нече сокку жегенден кийин кыйкырганы угулат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх