Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө аял милиция кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)

Күбөлөрдүн айтымында РИИБнин кызматкери унааны мас абалында башкарып бара жаткан

Ысык-Көл облусунун Төрт-Күл айылында автоунаа башкарып бара жаткан аял каршы тилкеге чыгып, башка унааны сүзүп алган. Бул тууралуу жол кырсыгынын күнөөкөрү - Тон РИИБде иштеген милиция кызматкерин видеого тартып алган күбөлөр билдирди.

Күбөлөр унааны башкарып бара жаткан формачан аял мас абалында болгонун айтышууда. Жол кырсыгы 15-апрелге караган түнү орун алган. Аял каршы тилкеге чыгып, башка унааны уруп алган соң ала салып, экинчи унаанын аркасына токтоп калган.

Ысык-Көл облусунун ОИИБнын басма сөз кызматы жол кырсыгы фактысы боюнча жабырлануучулар укук коргоо органдарына кайрылышпаганын Vesti.kg сайтына билдирди.

- Буга карабастан, ОИИБнын жетекчилиги кызматтык текшерүү дайындап, чара көрү максатында иш тергөө кызматына жөнөтүлгөн, - деп такташты милицияда.

Мекеме аял чындыгында эле Тон РИИБнын кызматкери экенин ырасташты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх