Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мен солдатмын, каалаганымды кылам». Жалал-Абаддын блокпостунда жоокер айдоочу менен урушуп кетти

Жергиликтүү комендатурада учурда аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын такташты

Жалал-Абадда жоокер блокпост аркылуу өтмөкчү болгон айдоочу менен урушуп кеткен. Окуянын видеосу @Bezpredelkg инстаграм-аккаунтунда жүктөлдү.

Айдоочу камерасын күйгүзүп, солдаттан күбөлүгүн көрсөтүүсүн сураган. Айдоочунун камерага тартып баштаганы жоокерди ачуулантып, ал телефонду өчүрүү үчүн тартып алганга аракет кылган. Жинденген жоокер «мен солдатмын, каалаганымды кылам» деп да жиберген.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абаддын блокпостунан өтө албай калган айдоочуда өткөрмө кагазы болгон эмес жана ал азык-түлүк алуу үчүн өтүүгө аракет кылган. Кийин ага ЖКККБнын кызматкери келип автоунаасын таштап барышы керектигин сыпайы түшүндүргөн.

Ал ортодо Жалал-Абаддын комендатурасынын басма сөз кызматы учурда жоокердин аракеттери боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын Vesti.kg сайтына билдирди.

Учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат, - деп такташы комендатурада. - Бирок, айдоочу тараптан да чагымчыл аракеттер болгонун белгилей кетүү керек.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх