Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте терминал урдап кармалгандар үй камагына бошотулду

Тийиштүү чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды

Бишкектеги аялдамалардын биринде орнотулган терминалды уурдоого шектелип кармалган жаш жигиттер мурдагы күнү бошотулду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Шектүүлөр үй камагына бошотулган. Тийиштүү чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, 13-апрелде Бишкек коменданттыгы баасы 1500 долларлык терминалды уурдоого шектелип үч жаш жигит кармалганын билдирген. Банкоматта 61 миң 600 сом болгон. Шектүүлөр Бишкектин ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх