Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте патрулдук унаа жол кырсыгына кабылды (видео)

Жабыркагандар № 4-шаардык ооруканага жеткирилди

Бүгүн Бишкекте патрулдук унаа «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусу менен Көлбаев жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүшүп кетти.

Борбор калаанын коменданттыгы жол кырсыгы болжол менен эртең мененки 06:20да орун алганын Vesti.kg сайтына билдирди.

- Унаа каражаттарынын айдоочулары «Тез жардам» кызматы менен № 4-шаардык ооруканага жеткирилди, - деп маалымдашты алар. - Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Жарандык активист Болот Ибрагимов жол кырсыгы болгон жерден тартылган видеону Instagram социалдык тармагына жүктөгөн.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх