Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки жаштагы кыз 8-кабаттан кулап кетти

Дарыгерлер наристенин өмүрүн сактап кала алышкан жок

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынын балконунан эки жашар кыз кулап кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык 23-апрелде болжол менен 18:30да Исанов көчөсүндө орун алган.

«Жерине дароо Биринчи май районунун РИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, 8-кабаттын балконунан белгисиз жагдайларда кулап түшкөн жаш кыз 2018-жылы туулган Ж.А. экени белгилүү болгон. Тез жардам кызматынын дарыгерлери наристенин каза болуп калганын аныкташкан»,- деп такташты милицияда.

Аталган факт Биринчи май районунун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх