Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирустан сегизинчи киши көз жумду

53 жаштагы аял Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында көз жумду

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Каза болгон аял 53 жашта болгону белгилүү.

«Бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-апрелде оор абалда келип, реанимацияга жаткырылган. Ага чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин райондук ооруканасында дарыланып жаткан. Маркумдун кант диабети, жүрөк дарты, жогорку тобокелдиктеги гипертоникалык илдет сыяктуу башка өнөкөт оорулары дагы болгон», - деп жазылат штаб тараткан маалыматта.

Кыргызстанда ушуну менен COVID-19 вирусунан сегизинчи адам каза тапты.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Гуля 23.04.2020 11:28
Кант шаарында бир кемпир каза болуптур.поликлиника жабык.врачтарды карантинде деп айтышат.мен рецепт жаздырайын десем врачтар жок,поликлиника жабык.
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх