Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда баткендик чоң апанын үйү өрттөлдү (видео)

Учурда ал балдары менен туугандарыныкында баш калкалоодо

Баткендик 78 жаштагы байбиченин үйүн кечээ-жакында кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалда өрттөп жиберишкен. Социалдык тармактарда чоң эненин бул тууралуу айтып берип жаткан видеосу тарады.

«Мен бул үйдү пенсиямды чогултуп, кредит алып, үч жыл дегенде араң куруп бүткөн элем. Эми аны өрттөп жиберишип, мен туугандарыма, балдарымдын үйлөрүнө барып баш калкалап жатам. Бирок, мен өзүмдүн үйүмө баргым келет», - деп көзүнө жаш алган эне айтып берген.

Ошондой эле видеодо ал өкмөттөн үйүн башынан салып беребиз деп убада кылышканын айткан.

«Биздин солдаттар бизди коргоп, ал эми үйдү өкмөт салып берет дешти. Ошондой болсо экен деп тиленип отурам, рахмат аларга», - деген ал.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде такталбаган 50 сотых жерден улам чыр орун алып, ок атылган.

Фото жана видео www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх