Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдына кыргызстандыктар чогулууда (видео)

Элчилик:«Эч нерсе болгон жок, дайыма эле ушинтип чогулушат»

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында мекенине кетүүнү каалаган кыргызстандыктар чогулууда. Бул тууралуу BAZA Telegram-каналы билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов ИИМни элчиликти кайтарууну күчөтүүнү суранганы белгиленди. Бүгүн ага кол салуу пландалган.

Видеодо - КРнын элчилигинин алдындагы узун кезекти көрүүгө болот. Ал жакка миграциялык эрежелерди бузган, мекенине кайтып, бирок, ошол эле маалда кийин Россияга кайра келүүнү каалаган жарандар чогулган.

Адамдар таң эртеден бери чогулуп башташкан. Алардын арасында элчиликтин кызматкерлерине кол салууну көздөгөндөр да болушу мүмкүн - Whats’App тиркемесиндеги кыргыз группаларда акыркы күндөрү өкүлчүлүктүн терезелерин сындырып, ал тургай «Кыргызстандын элчисин асып салууга» чакырган чагымчыл аракеттер болгон.

Элчилик Vesti.kg сайтына кооптонууга негиз жок экенин ишенимдүү билдирди:

- Коркунучтуу эч нерсе жок, - дешти алар. - Элдер чартердик каттам качан күтүлүп жатканын жана ага кимдер кирерин билгени келишкен. Дайыма эле 20-50дөн киши чогулат. Биз чыгып, 400 орундук бир учак болорун түшүндүрөбүз. Ага кош бойлуу аялдар, оорулуу жарандар, кары-картаңдар жана жаш балдары бар үй-бүлөлөр алынат.

Алардын ар биринин колунда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын билети болушу керек, анткени, учурда ушул компаниянын учактары гана учуп жатат. Биз түшүндүргөндөн кийин элдер тарап кетишет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх