Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Обсервациядагы жаңжал: Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына баш ийбеген жарандар жоопкерчиликке тартылат

«Алардын арасында коронавирус аныкталган жарандар үй карантинине жөнөтүлүп жатат деген туура эмес маалымат тараган. Эмнеге айрымдарды коё беришип, башкаларын кармап жатышат деп ачууланышкан»

“Ганси” авиабазасында коомдук тартипти бузган кыргызстандыктар жоопкерчиликке тартылуулары мүмкүн. Бул тууралуу брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

- Алардын арасында буга чейин коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырылган бейтаптар үй карантинине жөнөтүлүп жатат деген туура эмес маалымат тарап кеткен, - деди ал. - Алар эмнеге кээ бирлерди үйлөрүнө коё беришип, бизди обсервацияда кармап жатышат деп нааразы боло башташкан.

Каниметов учурда нааразы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

- Эгерде алар коомдук тартипти бузуп, талаптарды аткаргандан баш тартышса, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат, - деп кошумчалады Каниметов.

Эске салсак, бүгүн «Ганси» авиабазасында Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын арасында тополоң чыгып, айрымдар дарыгерлер кол көтөргөнгө чейин барышкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх