Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ганси» авиабазасындагы обсервацияда жаткан жарандар дарыгерлерге кол салып, тез жардам унаасын таш менен ургулашты (видео)

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү окуя болгон жерге жөнөштү

Мурдагы «Ганси» авиабазасындагы обсервацияда жаткан жарандар дарыгерлерге кол салышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

- Бул обсервациядагы бейтаптар өздөрүн ашкере агрессивдүү, орой алып жүрүшөт, дарыгерлерге кол салган учурлар да болгон, - деп маалымдашты алар. - Бүгүн тез жардам унаасын таш менен ургулашыптыр. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү окуя болгон жерге кетишти.

Ал ортодо, «Сейчас.kg» Telegram-каналында обсервациядагы бейтаптардын тополоң чыгарган видеосу тарады.

Видеодон «Гансиде» COVID-19 аныкталган бейтаптар бар экенине карабастан, адамдар коопсуз аралыкты сактабай жүрүшкөнүн көрүүгө болот.

Буга чейин Соль-Илецкиден келген жарандар ушул обсервациядан качууга аракет кылышканын айтылган эле.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх