Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри менен УКМКнын кызматкери шаардык тургунду аёосуз сабашканбы? Муниципалитеттин өкүлдөрү териштирүүгө жөнөшөт

Алдын ала маалымат боюнча чекист колундагы бычагы менен жабырлануучуну кууган

Кечээ, 26-майда Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан 93/1- үйдүн алдынан УКМКнын кызматкери Чыңгыз Айманбаев жана Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев мас абалында Чыңгыз Молдокеев аттуу жаранды аёосуз сабап салышкан. Бул тууралуу Kyrgyztoday басылмасы жазып чыкты.

Чыр алардын жаш балдары үйдүн короосунан уруша кетишкенинен башталганы маалымдалууда. ЖМКдын версиясы боюнча УКМК кызматкеринин 12 жаштагы уулу Чыңгыз Молдокеевдин кичинекей балдарын уруп койгон. Жабырлануучунун келинчеги Ширин Санжар кызы ага “жаш балдарды кантип урдуң” деп урушкан. Бала атасына даттанып барган. Достору менен спирт ичимдиктерин ичип отурган чекист Чыңгыз Молдокеев менен Ширин Санжар кызын “жазалоого” жөнөшкөн.

Жабырлануучу Молдокеевдин айтымында аны үйдүн поъездинин алдынан мыкаачылык менен ур-тепкиге алышкан. Ал качып кетүүгө аракет кылган, бирок, колуна бычак көтөргөн УКМКнын кызматкери Чыңгыз Айманбаев аны союп салам деп кыйкырып, аркасынан кууган.

- Ызуу-чууну уккан коңшулар чуркап чыгып, анын колунан бычакты тартып алышкан, - деп жазылган басылманын материалында. -Айманбаев “Мен ОПГ Камчы Көлбаевдин мүчөсүмүн” деп кыйкырып, капыстан Молдокеевди темир буюм менен башка уруп жиберген. Жабырлануучу кайра качайын дегенде, Бишкектин вице-мэри аны басып жыгылган. Айманбаев Молдокеевди сабап жатканда Бишкектин вице-мэри өзүнүн тууганы менен кошо жабырлануучуну кармап берип турушкан.

Молдокеевди оор жараттары менен 4-шаардык ооруканага Тез жардам кызматы алып кеткен. Ал жакка Ленин РИИБнын кызматкерлери барып, аталган фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси боюнча катташкан. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Айманбаев эртеси “мени да сабашкан” деп ооруканага жатып алган.

Белгилүү болгондой, Айманбаев буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдикерип Гапаровдун өлүмүнө алып келген шалаакылык иши боюнча акталып чыккан. Буга байланыштуу Чыңгыз Молдокеевдин ата-энеси ишти Аскердик прокуратурага өткөрүүнү өтүнүшүүдө. Алар УКМКнын кызматкери менен мэрия тергөөгө кысым жасап, милициянын бул ишке тиши өтпөй калат деп кооптонушууда.

Окуя болгон жердеги видеокамералардан жазуулар дагы деле алына электиги белгиленгүүдө. Ал эми Чыңгыз Айманбаев менен Алмаз Бакетаев организмдеринде алкоголдун бары-жогун текшерүү үчүн экспертизадан өтүүдөн баш тартышууда.

Азыркы маалда жабырлануучу Чыңгыз Молдокеевге гана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Мэриянын басма сөз кызматы аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын айтышты. Муниципалитеттин өкүлдөрү журналисттер менен бирге аталган дарек боюнча окуянын чоо-жайын текшерүү үчүн барууну пландашууда.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх