Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Бакетаев: Менин иним урушуп жаткандарды арачалаптыр. Ал киши өлтүргөн жок да

Бишкектин вице-мэринин тууганы Алмазбек Бакетаев мас абалында мыйзам бузганына ишенбейт

Эгерде Бишкектин вице-мэри Алмазбек Бакетаев мушташка катышканы чын болсо да, ал турмуштук чыр-чатак гана болгон болушу керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына анын бир тууганы, саясат таануучу Бакыт Бакетаев бөлүштү.

- Мен иним менен сүйлөшө элекмин, бирок, окуя тууралуу уктум, - деди ал. - Турмуштук чыр-чатак болгон го, менимче. Иним мушташып жаткандарды көрсө арачага түшөт, мен аны билем. Бирок, менин иним ичпейт, чекпейт. Андыктан, ал мас абалында болчу деген сөздөр суу кечпейт. Чыр болгон болсо, аны мыйзамга ылайык жазалашсын. Бирок, ал киши өлтүрүп же коррупцияга аралашкан жок да.

Муну менен бирге Бакыт Кушбекович мушташка вице-мэр менен кошо катышкан УКМКнын кызматкери кримдүйнөгө катышы бар экенин кыйкырганына ишенбей турганын кошумчалады.

- Болушу мүмкүн эмес!, - деди ал. - Менин түшүнгөнүм боюнча, ал жакта жаш балдар урушуп, анын айынан ата-энелери да араздашып кеткен. Көлбаевдин бул жерде кандай тиешеси бар? Мен деле ар кандай себептер менен урушкан күндөрүм болгон. Өмүрбек Суваналиев менен да мушташып кеткем бир жолу, азыр биз доспуз. Мындай учурлар боло берет.

Эске салсак, буга чейин ата мекендик ЖМКлар вице-мэр Алмазбек Бакетаев менен УКМнын кызматкери Чыңгыз Бакетаев мас абалында шаардык тургунду аёосуз сабап салышканын жазып чыгышкан. Мэриянын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришкен. Муниципалитеттин өкүлдөрү журналисттер менен бирге аталган дарек боюнча окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн бүгүн барууну пландашууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх