Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабаган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Сузак районунда иш алгач «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча ачылып, кийин «Кыйноого» которушкан

Аялынын мойнуна автоунанын дөңгөлөктөрүн илип, ур-тепкиге алган эркек адам Сузак районунун РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

- Окуя Сузак районундагы айылдардын биринде 8-июнда орун алган, - деп такташты милицияда. 1969-жылы туулган айылдык киши аялынын колун байлап, сабап салган. 11-июнда аялы анын үстүнөр арыз жазган. Алгач иштин материалдары «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча ачылып, кийин «Кыйноого» которулган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg социалдык тармактарда аялдын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип туруп ур-токмокко алган адамдын видеосу тарап жатканын жазган.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх