Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үрөй учурат. Жалал-Абадда күйөөсү аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабаган (видео)

Жалал-Абадда милиция үй-бүлөлүк зомбулук тартылган тасманы текшере баштады

Социалдык тармактарда эркек адам аялдын мойнуна бир нече дөңгөлөк илип сабаган видео желдей тарап жатат.

Тасмада аялдын колдору байланган, ал үн-сөз жок туруп берген. Эркек аны урардан мурда башына бир чака суу куюп жиберген. «Бул ага сабак болсун» деп сүйлөп жатканын угууга болот. Видео качан жана кайдан тартылганын билдирүүнүн автору ачыктаган эмес.

Ал ортодо Vesti.kg үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган бул тасма Жалал-Абадда тартылганын аныктай алды

Жалал-Абад ОИИББ милиция бул окуя туурасында кабардар экенин Vesti.kg сайтына билдиришти. Укук коргоо органдары учурда окуянын чоо-жайын текшеришүүдө.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх