Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус дагы бир кыргызстандыктын өмүрүн алды

19-июнга карата COVID-19 дагы 132 адамдан аныкталды

19-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 жуктурган 132 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Бишкекте акыркы сутка ичинде коронавирус 48 адамдан аныкталды, Чүй облусунда - 38, Ошто -13, Ош облусунда -12, Жалал-Абад облусунда -11, Талас облусунда -4, Нарын облусунда 6.

Кыргызстанда коронавирус пайда болгондон бери бул ооруга чалдыккан 2789 киши катталды.

Ооруканалардан сутка ичинде 28 бейтап чыгарылды:
Бишкекте – 7;
Чуүй облусунда – 8;
Ошто – 5;
Ош облусунда – 4;
Нарын облусунда – 4.

Өлкө боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын саны - 1961.

Мындан сырткары, Үсөнбаев акыркы суткада COVID-19 жуктурган дагы бир бейтап көз жумганын билдирди.

- 1950-жылы туулган эркек адам кымыз ичип дарыланып жаткан экен, майдын аягында дене табы көтөрүлүп баштаган, - деди министрдин орун басары. -7-июнда ал Кыргыз-түрк ооруканасына жаткырылган. Ал жүрөк, муун ооруларынан да жабыркап келген. Абалы оор болуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Бирок, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабай бейтап каза болуп калды.

19-июнга карата COVID-19га чалдыккан ак халатчандардын саны - 24:
Бишкекте – 7;
Чүй облусунда – 8;
Ошто– 3;
Ош облусунда – 1;
Нарын облусунда – 3;
Талас облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда– 1.

Ооруканалардан 9 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Учурда ооруканаларда 544 бейтап коронавирустан дарыланууда, алардын ичинен алтоо реанимацияда, 1961 - айыгып чыкты, 32 адам көз жумду.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх