Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чогуу жашаган адамы барымтага алып, бычак жеген аял көз жумду

Ал кечээ кечинде каза болуп калган

Бишкекте чогуу жашаган кишиси барымтага алып, бычак сайып жиберген аял көз жумду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин Vesti.kg жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда өтө оор абалда экенин жазган эле.

- Тилекке каршы, ал кечээ 21:10до каза болуп калды, - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 17-июнда болжол менен 19:00до эркек адам чогуу жашаган аялды барымтага алып, мойнуна жана далысына бычак сайып жиберген.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх