Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жолдо бараткан мотоцикл кулап, күйүп кетти (видео)

Жабыркаган айдоочу 4-шаардык ооруканага жеткирилди

Бүгүн эртең менен мотоцикл айдаган жаран Лев Толстой көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, "Глобус" соода борборунун тушунан мотоциклди башкара албай кулап кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

-Саат 9:00 чамасында Мотоцикл айдаган жаран Лев Толстой көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, "Глобус" соода борборунун тушунан Мотоциклди башкара албай оң тарапка кулап кеткен, - деп билдиришти милициядан. Жыйынтыкта мотоцикл күйүп кеткен.
Айдоочу жабыркап, 4- шаардык ооруканага жеткирилгени белгиленди.

Азыркы учурда мотоцикл айып короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх