Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция жаңы төрөлгөн ымыркайын көчөгө таштап кеткен аялды издөөнү улантууда

Бишкек ШИИББ бул окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы изделип жатканын кошумчалады

Бишкек ШИИББ ара төрөлгөн ымыркайын баштыкка салып таштап кеткен аялды издөөнү улантууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Милиция аялды эле эмес, бул окуяга тиешеси бар бардык адамдарды табууну убадалады.

- Тапканда дароо кабарлайбыз, - деп жооп беришти басма сөз кызматта. - Биз аялды эле эмес, бул жагдайга тиешеси бар адамдардын бардыгын издеп жатабыз.

ШИИББ резонанс жараткан бул окуяга кимдин тиешеси бар болушу мүмкүн экенин тактаган жок.

Эске салсак, 20-июнда Бишкектин ортосунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси салынган баштык табылган.

Күбөлөр шектүү баштыкты болжол менен 16:30да табышып, милицияга чалышкан. Жерине келген укук коргоо кызматкерлери андан наристенин денесин табышкан.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх