Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК жасалма айдоочу күбөлүк, паспорт жана дипломдорду жасаган кеңсени аныктады (фото)

Мамлекеттик маанидеги документтер чет өлкөлөргө кеткен кыргызстандыктарга сатылып келген

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы узак убакытан бери Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча расмий кызматтардын аркасында мамлекеттик маанидеги документтерди жасоо менен алектенген жарандарды аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө компаниялардын биринин кеңсесинен көп сандагы жасалма айдоочулук күбөлүктөр жана улуттук үлгүдөгү паспорттор, жогорку жана орто кесиптик билим туурасындагы дипломдор жана башка мамлекеттик маанидеги документтер, ошондой эле жасалма документтерди басып чыгаруучу жабдуулар жана материалдар табылган.

Аталган компаниянын «М.А.» жана «М.Б.» аттуу ээлери 20 000 сомдон өйдө акча үчүн чет өлкөлөрдө иштеген мигранттар колдонгон жасалма документтерди даярдап берип келишкени аныкталган. Муну менен бирге аталган жарандардын кызматтары менен колдонгон мигранттар жасалма документтерди колдонушканы үчүн чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан бир далай жолу кармалышканы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде жасалма документтерди даярдоо фактысы боюнча катталган.

Учурда мамлекеттик маанидеги жасалма документтерди даярдап, колдонуу боюнча башка фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх