Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте коронавирустан Ленин РИИБнин 36 жаштагы милиция кызматкери көз жумду (видео)

Милиция кызматкери илдеттин коркунучтарын айтып, кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасаганга жетишкен

Бишкекте коронавирустан Ленин РИИБнин ыкчам кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын кесиптештери билдирди.

Белгилүү болгондой, ал Улуттук госпиталда дарыланып жаткан.

- Андан коронавирус табылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган болчу, - дешти анын кесиптештери. - Бүгүн түн ичинде каза боулп калды. Ал 36 жашта эле.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү интернет желесинде коронавирустун кооптуу белгилери жөнүндө айтып берген эркек адамдын видеосу тараган. Илдетти жуктуруп алган тартип сакчысы жарандарды бет кап тагынууга чакырган.

“Бул аябагандай коркунучтуу оору экен, абайлагыла, бет капчан жүргүлө. Улуттук бейтапкана толуп калыптыр, адамдарды кабыл албай жатышат”, - деген ал.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх