Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксыда ишкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн криминалдык «положенец» кармалды

Криминалитеттин өкүлдөрү эркек адамды ээн талаага алып барып сабашкан

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык аракеттерин жасоого шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чараларды жүргүздү. Башында ички иштер органдарына Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусунан билдирүү түшүп, ал өзүнүн арызында укукка жат иш-аракеттерди жасап жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп, укугун коргоону суранган. Анда, 2020-жылдын 26-июнь күнү кечки маалда белгисиз адамдар Аксы районунун жашоочусун “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаага салып, адамдар жок жерге алып барышып, сабап, денесине жаракаттарды келтиришкендиги маалымдалган. Жогорудагы маалыматка байланыштуу, укукка жат көрүнүш криминалдык топтор тарабынан ишкерлерге кысым көрсөтүүгө байланыштуу болгондуктан, бул ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин

Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. 2020-жылдын 27-июнь күнү аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Укукка жат иш-аракеттерге тиешеси барлар изин жашыруу үчүн Чүй облусунун аймагына келе жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөндүктөн, Аймактар аралык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан алардын изине түшүү уюштурулган. 30-июнь көрүлгөн чаралардын натыйжасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагынан жогорудагы бейбашттыкка шектүү эки жаран кармалган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1983-жылы туулган жашоочусу М.А. болот. Ал мурда соттолгон жана УКТ мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, “положенец” криминалдык макамга ээ. Экинчи кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган жашоочусу Т.М. болот. Кармалган эки шектүү тең Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Андан сырткары, Аймактар аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери Жайыл РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте дагы бир мыйзамга каршы фактыны, тактап айтканда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысын аныкташты. Автоунаанын ичинен шектүүлөргө тиешелүү катталбаган белгисиз үлгүдөгү тапанча табылып алынган. Азыркы учурда сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Жогорудагы кылмышка тиешеси барларды тактоо жана кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх