Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Финполиция мамлекеттик органдар жеке коргонуу каражаттары менен медициналык бет каптар боюнча тендерлерди кантип өткөрүшкөнүн текшерүүдө

Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык катышы барлардын аракеттерине укуктук баа берилет

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) президенттин тапшырмасы менен жана Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу үчүн 2020-жылдын февраль айында жеке коргонуу каражаттары менен медициналык бет каптарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерлердин мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышын текшерүүнү ишке ашырды.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 2020-жылдын март айында каттоого алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыгы менен катышы бар адамдарга укуктук баа берилип, тийиштүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

ЭКККМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх