Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үйдүн алдына чыккан митингчилерди милиция кууп таратты

Юрист милиция кармап кеткен активисттерге жактоочуларды тапмакчы

Милиция Ак үйдүн алдына чыккан митингчилерди кууп таратты. Конституциялык палатанын экс-мүчөсү милиция кармап кеткен активисттерге жактоочуларды таап бермекчи.

«Аларды бир ооз сөз сүйлөтпөй, колдорун толгоп алып кетишти», - деди ал.

Күбөнүн айтымында жарандык кийимчен укук коргоо кызматкерлери митингчилерди аянтка өткөрбөө максатында туурасынан тизилип алышкан.

«Уюштуруучулар акырына чейин митингди өткөргөнгө аракет кылышты», - деди кыргызстандык.

Эске салсак, Ак үйдүн алдында парламенттик шайлоону жылдыруу талабы менен тынчтык митинги өтмөк. Активисттер өкмөттөн өзүнүн алсыздыгын моюндап, өз эрки менен отставкага кетишин талап кылышкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх