Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургда жашаган кыргыз менен тажик өспүрүмдөр жапырт мушташты (видео)

Эки мушташ тең видеого түшүп калган. Күбөлөрдүн айтымында жаңжалга 200гө жакын киши катышкан

Екатеринбург шаарында эки күн катары менен Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары катышкан жапырт мушташ орун алды. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар маалымдашты.

Облустун улуттук-мадания бирикмелер ассоциациясы менен тажик диаспорасынын башчысы Фарух Мирзоев чыр 17-18 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында орун алганын журналисттерге айтып берген.

«Алгач бардыгы турмуш-тиричилик себептен эле башталган, улут аралык чыр болгон эмес, - деди ал. - Укук коргоо органдары бул тууралуу кабардар, маселенин үстүндө иш алып барып жатышат. Керек көрүшсө, жардам көрсөтөбүз. Криминалдык эч нерсе жок болсу, жаштардын арасында профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Тажик диаспорасынын өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кезигүүнү пландашууда».

Эки мушташ тең видеого түшүп калган. Күбөлөрдүн айтымында жаңжалга 200гө жакын киши катышкан.

Vesti.kg бул маалыматты тактоо үчүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх