Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМи Екатеринбургда кыргыз-тажик жарандары арасындагы массалык мушташтын себебин аныктады

«Провокацияга алдырып, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпагыла»

Екатеринбург шаарында Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосунда орун алган массалык мушташ турмуш-тиричилик себептерден улам башталган. Бул тууралуу РФдагы КРнын ИИМнин өкүлчүлүгү билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 19-июлда шаардын райондорунун биринде кыргыз-тажик жарандары мушташкан. Уруш бир нече тажик жигиттердин кыргыз кызга тийишкенинен башталган. Чырда ар бир тараптан 10-15 кишиден катышкан.

«Улуу муун менен активисттер чырды токтото алышкан, - деп маалымдашты укук коргоо органында. - Бирок, жабырланууулар да болду. ИИМнин аймактык бөлүмүндө окуя расмий түрдө каттоого алынып, чыр орун алган райондо кошумча полиция кызматкерлери тартылып, кайгуул күчөтүлгөн.

Ошол эле күнү What'sApp тиркемесинде тажиктер кыргыз жаранын өлтүрүптүр деген жалган маалымат менен кыргыз жаштарына чагымчыл чакырыктар таратыла баштаган. Билдирүүлөрдө тажиктерден өч алуу чакырыктары айтылган».

Укук коргоо органдары мекендештерди кылмыш жоопкерчилигинен алыс болуу үчүн мессенжерлер менен социалдык тармактарда такталбаган анын ичинде улуттук маселелерди козгогон маалыматтарда таратпоого чакырат.

РФдагы КРнын ИИМнин өкүлчүлүгү соцтармактардагы билдирүүлөрдү текшерүүдө.

«Мыйзамга каршы келген контент табылган учурда Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте мыйзам чегиндеги чаралар көрүлөт», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Екатеринбург шаарында кыргыз-тажик өспүрүмдөрүнүн арасында массалык мушташ орун алганын жазган эле.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх