Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Пакистандын жаранына кол салган шектүүлөрдү кармады

КРнын ИИМнин жетекчилиги тергөөнүн жүрүшүз өз көзөмөлүнө алды

Милиция кызматкери Пакистандын жаранына кол салды деп шектелгендерди кармады. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады.

2020-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган.

Окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан учурда урушка катышкандар окуя болгон жерден таркап кетишкендиги маалым болгон.
Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. аттуу жашоочулары кармалды.

Бул факты Аламүдүн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

“Аталган окуяны иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынгандыгын кошумча билдиребиз”, - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg шаардык стационарда ыктыярчы болуп эмгектенген Пакистандын жараны тоодо теңтуштары менен эс алып жүргөн кезинде сабалганын жазган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх