Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада белгисиз аял Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин коопсуздук кызматкерине кол салды

“Провокаторлор жана күнөөкөрлөргө карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жазык жана административдик мыйзамдарынын чегинде жоопкерчилик көрүлөт”

2020-жылдын 31-июлунда белгисиз жаран тарабынан Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин коопсуздук кызматкерине карата кордоо, уруп-сабоо жана кол салуу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттер катталган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Ушуга байланыштуу РФнын Москва шаарынын Якиманка району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмү тарабынан Элчиликтин кызматкеринин кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ага денеге зыян келтирүү фактысы боюнча арыз катталган.

Элчиликтин коопсуздук кызматкери белгисиз жаранды сабап салгандыгы жөнүндө REN TVде жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн имаратында белгисиз жарандын чагымчыл жана мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган материалдар бар.

Элчиликтин кызматкерлерине карата мыйзамсыз аракеттердин, анын ичинде жарандардын коркутуп-үркүтүүсү, зомбулук көрсөтүү учурларынын көбөйүшүн эске алуу менен,

Элчилик коомдук тартипти бузууга, коркутууга, мазактоого жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбей турганын жана кылмыш жана административдик мыйзамдарды бузуу болуп саналаарын эскертет.

Элчилик жарандарды коомдук жерлерде, анын ичинде, Россия Федерациясындагы өзгөчө корголуучу аймак болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарына жана ага жанаша жайгашкан аймактарда тартипти жана жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат.

Провокаторлор жана күнөөкөрлөргө карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жазык жана административдик мыйзамдарынын чегинде жоопкерчилик көрүлөт.

КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх