Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө 18 жаштагы айдоочу катышкан ири жол кырсыгы катталды (видео)

Жабыркагандар райондук ооруканага жаткырылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ЖКККБнан билдиришти.

Volkswagen Veto автоунаасын башкарып келе жаткан 18 жаштагы жигит KIA RIO унаасы менен кагышкан. Экинчи унаанын айдоочусу Түп районунун Талды-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну экени айтылды.

Натыйжада эки айдоочу тең жабыркап, райондук ооруканага жеткирилишкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайыналды.

Эльдос Казыбеков
Фото www
Видео ТГ-канал «Короче»

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх