Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз кызы: Кыздар уурдалган жана зордукталган убакта кыргыз жигиттеринин ыйманы уктап жаткан болот

"Досторуңузга, уулдарыңызга жана бир туугандарыңызга түшүндүрүңүз, кыргыздын кызы- буюм эмес"

Жакын арада  тамашоучунун бир жигити кыска юбка кийген кыздарга сабак көрсөтөм деп , ал өзү сынга кабылган.


Көпчүлүк колдонуучулар, кыска кийинген кызды коммерциялык секс-кызматкер менен салыштырган мекендешибиздин билдирүүсүнө нааразы болушкан. Ошентип, Кыргызстандык активисттер жооп катары эркек кишилерди абийирдүү болууга чакырып, видео билдирүүлөрдү жаза башташты. Instagram социалдык баракчасынын колдонуучусу @kok_bet өзүнүн баракчасына ушундай суранычтардын бирин жарыялаган.

“Кыргыз эркектеринин абийири качан ойгонот? Кыргыз кызы кыска юбка кийип, тамеки тартат, ичимдик ичип, боёнупу , башка улуттун өкүлүнө тийгенде, ал жөнүндө ушак кылып ар кандай кыска видеолор тартылат. Бирок, уурдалгандан кийин, кыздар Бурулай сыяктуу өмүрүн кыйып жатышканда, кыргыз эркектеринин абийири ойгонбойт. Үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган аялдардын өмүрү кыскарат. Эркектер өзүлөрүнүн жоопкерчилигин сезишпейт, балдарына алимент төлөбөгөн убакта абийири абийири уктап жатат . Кыргыздын абийири жаш кызды, өгөй кызын, атүгүл өз кызын зордуктаганда уктайт. Мунун баары эркектик деп аталат.

Урматтуу билимдүү кыргыз жигиттери! Эгер сиз бир кыргыз кызынын тагдырына чындап тынчсызданып, анын абийирине кайрылгыңыз келсе, анда өзүңүздөн баштаңыз. Өзүңүзгө, агаңызга, бир тууганыңызга, досуңузга жана уулуңузга жоопкерчиликти үйрөтүңүз. Кыргыз кызы бул буюм эмес, адам экендигин түшүндүр. Ар бир адамдын жашоосу канчалык баалуу экендигин айтып бериңиз. Бул кыргыз жигиттеринин аялдарга болгон зор сүйүүсүнүн жана колдоосунун далили болот ”, - деди кыргыз кызы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх