Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

MTVнин мурунку алып баруучусу Артур Цветков дагы бир жолу кечирим сурап, Кыргызстандыкка каршы жазган арызын кайтарып алуу чечимин кабыл алды

Чуулгандуу окуяга катышкандар Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкери менен жолугушту

"Burger Club"дун  кызматкери 1994-жылы туулган М.А. жана мурунку MTV алып баруучусу Артур Цветковдун  ортосунда чыккан келишпестиктер  байланыштуу Кыргыз Республикасынын элчиси Аликбек Джекшенкулов окуяны териштирүүнү көзөмөлгө алган.

2020-жылдын 13-августунда элчиликтин кызматкери окуяга катышкан Кыргыз Республикасынын жараны менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө келип чыккан жаңжал жөнүндө кеңири маалымат алынды. Жолугушууга Артур Цветков да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуянын  катышуучулары бул окуя келишпестик, түшүнбөстүктөн келип чыкканын айтышты. Ошол эле учурда Цветков өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады жана мурда берилген арыз кайра кайтарып  алынат деп ишендирди.

Жолугушуунун натыйжасында келишпестиктер  жөнгө салынып, эки  тараптар бир пикирге келишти.

Кыргыз Республикасынын ТИМ басма сөз катчысы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх